Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Таласта Айтматовдун айкели тургузулат

Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас шаардык мэриясынан кабарлашты. Эстеликти жасоого мэрия 350 миң сом бөлүп, ал ушул тапта Бишкекте даярдалып жатат. Ал эми айкелдин айланасын көрктөндүрүп, оңдоп-түзөөгө 2 млн. сомдон ашык каражат бөлүү пландалды.

Айкел тургузула турган шаардын чок ортосунда мурда Лениндин эстелиги турган, кийин анын ордуна Манастын эстелиги тургузулуп, сапатсыз жасалган деген сын сөздөрдөн улам ал да 2005-жылы алынган. (MbA)
XS
SM
MD
LG