Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:22

Футбол: Кыргызстан-Пакистан 1:0


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу үчүн футболдук мелдеште Кыргызстандын курама командасы Пакистандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун 1-мүнөттө эле кыргызстандык футболчу Дэвид Тетте өзгөчөлөнүп, пакистандыктардын дарбазасына гол киргизди. Бүгүнкү голдун автору Дэвид Тетте буга чейин Макаонун командасынын дарбазасына да гол киргизип, 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен болчу. 21-мартта кыргызстандык футболчулар Тажикстандын командасы менен беттешет.

Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу үчүн мелдештин В тобундагы тандап алуу оюндары бүгүн Бишкекте башталды. Бул мелдештин В тобунда Кыргызстан, Пакистан, Макао жана Тажикстандын курама командалары бар.

Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу 2006-жылдан бери футбол анча өнүкпөгөн өлкөлөр арасында уюштурулуп келет. Бул кубокко ээ болгон команда Азия кубогу үчүн оюндарга катышуу укугуна ээ болот. (BkA\KMa)

XS
SM
MD
LG