Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Египеттин президенти Индияга келди


Инвестиция тартууну көздөгөн Мухаммад Мурси Индияга үч күндүк сапарын баштады. Бүгүн ал өкмөт башчысы Манмохан Сингх менен эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасын кеңейтүүнү талкуулады. Буга чейин Пакистанда болгон Мурси Индияга египеттик бизнесмендердин жооп тобу менен келди. Египеттин экономикасы соңку эки жылдан берки саясий бейтуруктуулуктан олуттуу зыян тартты, инвесторлор оолактап, саякатчылардын саны кескин кыскарды. Ошол эле убакта Египеттин Индия менен соодасы өстү.

XS
SM
MD
LG