Орусиянын Тергөө комитети адвокат Сергей Магницкийдин өлүмүн иликтөөнү токтоткондугун жарыялады. Комитет бүгүн өз сайтында жайгаштырган билдирүүдө Магницкий мыйзамдуу камалып, 2009-жылы жүрөгү кармап өлгөндүгү айтылат.
Комитет «бул иште кылмышка далил жок» деп жазды. Магницкий «мамлекеттик кызматкерлер 230 миллион доллар салык төлөгөн эмес» деп чыккандан кийин, өзү салык төлөгөн эмес деп айыпталган. Туугандары жана колдоочулары "аны түрмөдө сабашып, медициналык жардам көрсөтүшкөн эмес" деп келишет. Магницкийдин өлүмү АКШ менен Орусиянын ортосундагы алаканын начарлашына түрткү болгон эле.