Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Украинада мыйзамгерлер парламентте кагылышты


Украинанын оппозициядагы «Эркиндик» франциясынын мүчөлөрү парламентте коммунисттер менен кагылышты. Окуя коммунисттер жана бийликтеги «Аймактар» партиясынын мүчөлөрү "«Эркиндиктин» жетекчиси Олеф Тях Ны Бок сүйлөбөсүн" деп кыйкыра баштаганда орун алды. Оппозициядагы "Украинанын реформалар үчүн демократиялык биримдиги", "Батькивщина" ("Ата Мекен") жана "Эркиндик" партияларынын мүчөлөрү парламенттин подиумуна кишилерди өткөрө баштагандан кийин Раданын иши бүгүн кайра уланды. Оппозициячыл депутат Серхий Власенкону мандатынан ажыратуу тууралуу бийлик партиясынын сунушунан кийин оппозициядагы депутаттар подиумду жарым айдан бери тосуп жатышкан. Власенко мандатынан 6-мартта ажыратылган.

XS
SM
MD
LG