Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Дыйкандарга арзан насыяны 5 банк берип жатат


Быйыл дыйкандарга жеңилдетилген насыяны 5 банк берип жатканын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Мукамбет Насиров билдирди. Анын айтымында, өкмөт жеңилдетилген насыя үчүн 4 миллиард сомдон ашык акча бөлүп, аны 10 пайыз үстөк менен дыйкан, фермерлерге берип жатат. Бул насыя “Айыл банк”, KICB, "РСК банк", "АКБ Кыргызстан" жана "Залкар Банк” аркылуу элге таратылууда.

Былтыр өкмөт 2 миллиард сомду жеңилдетилген насыя катары берген эле. Анда насыя жең ичинен тааныш-билиш аркылуу берилип, адилет бөлүштүрүлгөн жок деп, дыйкандар арасында нааразылар арбын болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG