Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Жолдошева: бийлик шайлоочулар менен жолугушуума бут тосту


Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынан депутаты Жылдыз Жолдошева Оштун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Ноокат райондорунда шайлоочулар менен жолугушуусуна жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылганын “Азаттыкка” билдирди. Жолдошеванын ырасташынча, аталган райондордун акимдери жолугушуу өткөрүү үчүн имарат бербей, шайлоочуларды таратканга аракет кылган. Жолдошева муну оппозициячыл депутатка карата атайлап бут тосуу катары баалоодо.

Кара-Кулжанын акими Каныбек Алиязов жана Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров эл өкүлүнүн айткандарын четке кагып, эч кандай бут босуу болбогонун билдиришти. Акимдердин “Азаттыкка” айтымында, Жолдошева жолугушуу өткөрүүнү сураган имараттар камсыз кылынып, тескерисинче аны өткөрүүгө райондук бийлик көмөктөшкөн.

18-марттан бери Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү маселелер менен таанышып жүрүшөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG