Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Башкы прокуратура адвокаттарга жооп кайтарды


Башкы прокуратура камактагы “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын адвокаттарынын дооматына жооп кайтарды. Буга чейин адвокаттар депутаттарга кылмыш ишти башкы прокурор Аида Салянованын мурдагы орун басары Нурлан Жээналиев козгогонун, бул мыйзамга каршы келээрин айтып чыгышкан эле. Адвокаттардын жүйөсүндө, ошол күндөрү чет өлкөгө жумушчу сапарга чыккан Салянова Жээналиевге башкы прокурордун милдеттерин убактылуу табыштоого укугу жок болчу.

Бирок Башкы прокуратура шейшембиде тараткан билдирүүсүндө адвокаттардын дооматтарын четке кагып, депутаттарга кылмыш иш мыйзамга ылайык козголгону айтылат. Анда “Прокуратура органдары жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, башкы прокурор ордунда болбогон учурда орун басарларына милдеттерди убактылуу тапшырууга укугу бар экени көрсөтүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG