Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Сирия: өкмөт менен оппозиция химиялык курал үчүн бири-бирин күнөөлөп жатат


Сириянын өкмөтү менен оппозициясы Алеппо шаарынын айланасындагы салгылашта бири-бирин химиялык курал колдонду деп айыптап жатышат. Өкмөттүк САНА агенттиги шейшембиде козголоңчулар «химиялык материал менен октолгон ракеталарды» атып, андан 25 киши набыт болуп, жүздөгөндөр жараат алганын жазып чыкты. Мамлекеттик телеканал да бул кол салуудан каза тапкан адамдардын сөөктөрүн, жарадар болгондорду ооруканага алып келип жаткан тасманы көрсөттү. Бирок козголоңчулар өкмөттүн билдирүүсүн четке кагып, тескерисинче президент мындай куралды Асаддын күчтөрү колдонгонун айтып жатышат. Венадагы химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун өкүлү Ахмет Үзүмжү Сирияда химиялык курал колдонгону тууралуу бейтарап маалыматка ээ болбой жатканын билдирип чыкты. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун химиялык курал колдонулганына тынчсыздануусун билдирди.

Сирия Жакынкы Чыгышта эң көп химиялык куралы бар өлкө деп саналат. Эки жылдан берки согушта козголоңчулар бир нече аскердик базаны басып алышкан, бирок алардын колуна кандай куралдар түшкөнү беймаалым.

XS
SM
MD
LG