Москвадагы мамлекеттик лингвистика университетинин кыргыз тили жана адабияты борборунун түзүлгөнүнө он жыл болгонуна карата жолугушуу өттү. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, студенттер, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жана элчиликтин башка кызматкерлери катышты. Жолугушууда кыргыз тилинин эл аралык, Кыргызстан-Орусия мамилелериндеги орду тууралуу сөз болуп, кыргыз тилин үйрөнүп жаткан москвалык студенттер менен баарлашуу болду. Андан тышкары окуу жайдын мугалимдери жана студенттери Кыргызстандын Борбор Азиядагы орду, саясий-экономикалык абалы, эл аралык байланыштары тууралуу суроолорду беришип, ага элчи жооп берди.
Москвадагы мамлекеттик лингвистика университетинде кыргыз тили жана адабияты борбору 2002-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аны окуу жайдын кыргыз тили мугалими Жеңишкүл Байтерекова жетектеп, москвалык студенттерге кыргыз тилин үйрөтүүдө. (ZKo)