Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Ошто Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленет


Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы 19-май күнү Ош шаарында белгиленет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесин салтанаттуу өткөрүү иш-чарасынын алкагында бир катар илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөр, спектаклдер уюштурулат. Коомдук ишмердин өмүр жолуна арналган кече Султан Ибраимов атындагы Ош облустук улуттук драма театрында болот.

1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Бобордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG