Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Барактын үч тургунуна тез жардам жиберилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактык чек ара башкармалыгын жетекчиси Абдыкерим Алимбаев кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Барак айылынын тургундары үч адам катуу ооруп жатканын Чек ара башкармалыгына билдирип, аларды чукул арада ооруканага жеткирүү зарылдыгын айтышкан. “Өзбек чек арачылары менен сүйлөшүп, 2 айдан бери жабык турган "Ак-Таш" бекети аркылуу үч жаранды алып өтүүгө уруксат алдык”, - деди Алимбаев. Учурда Баракка тез жардам машинеси жиберилди.

5-7-январда Баткендин Чарбак айылында чек ара чатагы чыккандан тарта эки өлкөнү байланыштырган бир катар чек ара бекеттери жабылган болчу.

Барак айылындагы 300дөй түтүндө жалпы 2 миңдей адам бар. Административдик жактан Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык округуна карайт. (JAk)

XS
SM
MD
LG