Германиянын финансы министри Кипр Республикасынын банктары кайра ачылбай калышы мүмкүн экенин эскертти. Вольфганг Шойбле мындай билдирүүнү Кипр парламенти банктардагы аманат акчалардан салык алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун четке каккандан кийин жасады. Долбоордо 20 миңден 100 миң еврого чейинки депозиттерден 6, 75 процент, андан чоң өлчөмдөгү депозитерден 9, 9 процент салык алуу каралаган эле. Депозиттерден салык алуу Евробиримдиктен жана Эл аралык валюта корунан шашылыш 10 миллиард евро (13 млрд. доллар) насыя алуунун шарты болчу.
Кипрдин банктары каражат тартыштыгынан улам жабык турат, эртең ачылат деп күтүлүүдө. Кипрдин финансы министри Михалис Саррис финансылык жардам сурап, Москвага жөнөп кетти. Ал бүгүн орусиялык кесиптеши Антон Силуанов менен жолугат.