Түштүк Кореянын банктары менен телекомпанияларынын компьютердик системасы иштен чыкты. Полиция киберчабуул жасалып-жасалбаганын иликтей баштады. Бул киберчабуул болушу мүмкүн экенин түштүк кореялык интернет провайдер - LG Uplus компаниясы билдирди. Yonhap жаңылыктар агенттиги эки ири банктын (Shinhan, Nonghyup) жана үч телекомпаниянын (KBS, MBC, YTN) компьютерлери токтоп калганын маалымдады. Бир нече күн илгери Түндүк Корея өз сайттарына киберчабуул жасады деп Кошмо Штаттарды жана Түштүк Кореяны айыптаган эле. 2009 жана 2011-жылы Түштүк Кореянын өкмөттүк жана финансылык мекемелерине жасалган киберчабуулдарды Пхеньян уюштурган деп боолгонуп жүрөт.