Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Өткөн түнү Анкарада эки чабуул болду


Юстиция министрлиги менен премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган башындагы АК партиясынын башкеңсесине өткөн түнү жасалган чабуулдарда бир киши жеңил жарадар болду. Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкеңсеси жана Юстиция министрлигинин автомобилдер токтоочу жайы гранатаметтон аткыланган. Түркиянын ички иштер министри Муаммар Гулер чабуулду террорчу топ уюштурду деп, бирок анын атаган жок.

Жума күнү күрт көтөрүлүшчүлөрүнүн абактагы лидери Абдулла Ожалан тарапкерлерин ок атууларды токтотууга чакырат деп мерчемделүүдө. Маалыматтарга караганда, күрт жикчилеринин кырк жылга жакындан берки согуштук аракеттеринен 40 миңдей адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG