Тажик оппозиционери Умарали Куватовдун Дубайдагы убактылуу кармоочу жайдан кайда кеткени белгисиз экени маалымдалууда. Анын адвокаты Николай Николаевдин “Азаттыкка” айтышынча, ал өткөн аптада отурган жайынан жылдырылгандан бери кайда экени беймаалым жана аны Тажикстандын коопсуздук кызматтары алып кеткен болушу мүмкүн. Тажик өкмөтү Умарали Куватовду 1, 2 млн доллар уурдаган деп күнөөлөп, Бириккен Араб Эмирлигинен өткөрүп алганга аракет кылып жаткан.
Куватов былтыр декабрда Дубайда кармалган. Аны экстрадициялоо боюнча сот 10-апрелде кайра уланмак. Тажикстандын коопсуздук кызматы Куватовдун адвокатынын билдирүүсүн “негизсиз” деп атады.
Ийгиликтүү ишкер Куватов президент Рахмондун үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе болчу. Бирок былтыр Москвага кетип, Рахмонго оппозициядагы саясый уюм түзгөндөн кийин тажик бийлиги менен араздашуусу башталган.