Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

АКШ аскерлерин Вардактан чыгаруу мөөнөтү сүйлөшүлдү


АКШ аскерлери жана Ооган өкмөтү - президент Хамид Карзайдын өткөн айдагы буйругуна ылайык, өлкө чыгышындагы Вардак провинциясынан америкалык атайын күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимге жетишти. Карзай АКШнын атайын күчтөрү көзөмөлдөгөн ооган аскерлерин жарандардын адамдык насил-наркын тепсейт деп күнөөлөгөн. Мындай айыптоону АКШ командачылыгы “негизсиз” деп четке каккан. Ооганстандагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы, генерал Жозеф Данфорддун айтышынча, эң биринчи болуп Нерк районундагы аскерлер чыгарылат. Вардак провинциясына сегиз район кирет. Ооганстандан коргоо министрлиги жакын арада ооган аскерлери Вардакка жайгаштырылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG