Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Казакстан 26-марттан тарта Кыргызстандан сүт ала баштайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Самат Алиев кабарлады. Анын айтымында, шаршембиде Казакстандын расмий органдары “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарынан сүт азыктарын 26-марттан тарта сатааларын билдирди. Мындай чечим өткөн жыл аягында Бажы биримдигинин эксперттери жүргүзгөн текшерүүдөн соң кабыл алынган эле. Бул ишканалар күнүнө 90 тоннадан сүттү экспортоону пландап жатышат.

Казакстан Кыргызстандан өткөн жылы октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малдын башын идентификациялоо мыйзамы жоктугу жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы себеп болгону айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG