Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан беттешет


Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстандын курамасы менен беттешет. Бул беттеш Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу үчүн мелдеш алкагында өтөт. Буга чейинки оюндарда кыргызстандык футболчулар Макаонун жана Пакистандын командаларын 1:0 эсебинде уткан. Эки голду тең теги ганалык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган Дэвид Тетте киргизген болчу. Тажикстандын командасы болсо пакистандык футболчуларды 1:0, макаолуктарды 3:0 эсебинде уткан болчу.

Азия футбол Конфедерациясынын чакырыгы кубогу үчүн мелдештин В тобундагы тандап алуу оюндары 17-марттан бери Бишкекте башталган. Бул мелдеш 2006-жылдан бери футболу анча өнүкпөгөн өлкөлөр арасында уюштурулуп келет. Кубокко ээ болгон команда Азия кубогу үчүн оюндарга катышуу укугуна ээ болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG