Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Кипр финансылык кудуретсиздиктен чыгуу жолун издөөдө


Кипрдин саясый жетекчилиги өлкөнү финансылык кудуретсиздиктен сактап калуунун альтернативдүү жолун издөө үчүн шашылыш жыйын өткөрүүдө. Анын алдында Кипр парламенти эл аралык уюмдардан жөлөк пул алуу үчүн өлкө банктарындагы аманат акчалардан салык алуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырбай койгон. Береги мыйзам кабыл алынса, Евробиримдик менен Эл аралык валюта фонду Никосияга 10 млрд. евро насыя бергенге макул болчу.

Шаршемби күнү Еврокомиссия Никосиядан альтернативдүү сунушту күтөрүн, бирок ага бардык тараптар макул болушу керектигин эскертти. Ушул эле күнү Кипрдин финансы министри Михалис Саррис Москвада орусиялык коллегасы менен улуттук банктарга жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Орус маалымат булактары сүйлөшүүдө жылыш жок экенин жана ал бейшемби күнү улантыларын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG