Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Сирияда химиялык курал колдонулганы такталбай жатат


Сирия өкмөтү Улуттар уюмунун башкатчысына кайрылып, Сириянын түндүгүндө химиялык курал пайдаланылды деген каңшаарды иликтөөгө чакырды. Шейшемби күнү президент Асаддын өкмөтү жана адаватчылар бири-бирин химиялык курал колдонду деп айыптаган. Сириянын Улуттар уюмундагы элчиси Башар Жафаринин билдиришинче, Пан Ги Мундан бейтарап комиссия түзүү суралган. Ушундай эле өтүнүчтү оппозициядагы Сирия улуттук коалициясы да жасаган эле. Бирок БУУнун өкүлү Мартин Несирки андай кат келе элегин маалымдады.

АКШ жана Евробиримдиктин ырасмий өкүлдөрү химиялык курал колдонулганы жөнүндө далилдер жок экенин айтууда. Москва адегенде Сирия өкмөтүнүн билдирүүсүн колдоп, бирок шаршемби күнү массалык кыргын салчу курал колдонгонун ырастаган далилдер жок экенин айтты.

XS
SM
MD
LG