Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Орус премьери Кипрге кризистен чыгуу үчүн сунушталган планды сындады


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кипрдеги финансылык кризисти жөнгө салуу чараларын сынга алып, анда өтө көп каталарга жол берилгенин билдирди. Медведев шаршембидеги орусиялык жана эл аралык маалымат каражаттарына маегинде Орусиянын Кипрдин банктагы аманаттардан салык алуу сунушуна каршы чыкпай коё албастыгын айтты. Ал ортодо Кипрдин саясий жетекчилиги өлкөнү финансылык кудуретсиздиктен сактап калуунун альтернативдүү жолун издеп жатат. Кипр парламенти Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан 10 миллиард евро шашылыш насыя алуу үчүн өлкө банктарындагы аманат акчалардан салык алуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырбай койгон соң өкмөт Орусияга жардам сурап кайрылды. Бул күнү Кипрдин финансы министри Михалис Саррис Москвада орусиялык коллегасы менен улуттук банктарга жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Орус маалымат булактары сүйлөшүүдө жылыш жок экенин жана ал бүгүн да улантыларын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG