Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Муфтият Нооруз мусулмандар майрамы эмес деп билдирди


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмү Нооруз отко, ташка сыйынган байыркы ирандыктардын майрамы деп билдирди. Ал эми салттуу сүмөлөктү мусулмандар күнүнө жасап жей турган кадырэсе тамак деп эсептейт.

Ноорузду күн менен түн теңелген, жаз, жаңы жашоо башталган күн катары Иран, Ооганстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Тажикстан сыяктуу көптөгөн мусулман өлкөлөрү майрамдап келатат. Бул майрам ЮНЕСКОнун тизмесине адамзаттын маданий мурасы катары киргизилген. Кыргызстанда болсо Орозо айт, Курман айт сыяктуу эле Нооруз дагы расмий майрамдардын катарына кирет. (BuS)

XS
SM
MD
LG