Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Президент Обама Батыш Иорданда сапарын улантат


Жакынкы Чыгышта сапарда жүргөн АКШ президенти Барак Обама бүгүн Батыш Иорданга барып, Палестин президенти Махмуд Аббас жана башка палестин жетекчилери менен кездешет. Талдоочулардын боолгошунча, палестиндер жолугушууда Обаманы Батыш Иордандагы басып алынган жерлерде жөөт конуштарын курууну токтотууга жетерлик аракеттенбеди деп күнөөлөшөт. Обама Рамалладан соң кайра Иерусалимге барып, Израил студенттери алдында сөз сүйлөйт. Шаршемби күнү Обама Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху менен жолукканда Ирандын ядролук программасы, коңшу Сириядагы чатак өңдүү регионду коогалаңга салган маселелерди талдашты. Обаманын айтышынча, Иранды ядролук куралдуу болтурбоо үчүн ал “эмне зарыл болсо, баарын жасайт”. Нетаняху өз кезегинде АКШ бул маселени чечерине “аябай ишенгенин” айтты.

XS
SM
MD
LG