Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Пакистанда бомба чабуулунан 12 киши мерт болду


Бүгүн Пешавардын ныптасындагы бозгундар конушунда жардырылган бомбадан бери дегенде 12 киши, анын ичинде эки бала курман болду. Кеминде 30 киши жараат алды. Рабби Новшера райондук полициясынын зардалынын “Азаттык” радиосуна айтышынча, бомба Жалозай конуш жайындагы качкындарга гумжардам бөлүнүп жатканда жарылган. Бомба бейөкмөттүк уюмдун тез жардам машинесине коюлган экен. Бул конушта мурда ооган качкындары жашачу. Азыр Ооганстанга чектеш аймактагы уруулардын башкаруусундагы жерлерден качып келген пакистандыктар жашайт. Бул аймактарда талибдер жана башка согушчул топтор ээн-эркин жойлоп жүрүшөт. Пакистан талибдеринин өкүлү бомба чабуулуна алардын тиешеси жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG