Ушул тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн футболдук мелдеште Кыргызстандын курама командасы Тажистандын курама командасы менен беттешип жатат. Оюндун биринчи таймынын 41- мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Дэвид Тетте өзгөчөлөнүп, тажикстандыктардын дарбазасына гол киргизди.
Буга чейинки оюндарда кыргызстандык футболчулар Макаонун жана Пакистандын командаларын 1:0 эсебинде уткан. Эки голду тең теги ганалык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган Дэвид Тетте киргизген болчу. Тажикстандын командасы болсо пакистандык футболчуларды 1:0, макаолуктарды 3:0 эсебинде уткан.
Азия футбол Конфедерациясынын чакырык кубогу үчүн мелдештин В тобундагы тандап алуу оюндары 17-марттан бери Бишкекте уланып жатат. Бул мелдеш 2006-жылдан бери футболу анча өнүкпөгөн өлкөлөр арасында уюштурулуп келет. Кубокко ээ болгон команда Азия кубогу үчүн оюндарга катышуу укугуна ээ болот. (BkA)