Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Киевдеги кездешүүдө Тимошенконун тагдыры талкууланды


АКШ Мамкатчысынын орун басары Венди Шерман Украина президенти Виктор Янукович менен кездешти. Шаршемби күнү кечинде болгон сүйлөшүүнүн башкы темасы мурдакы премьер-министр Юлия Тимошенко жөнүндө болду. Тимошенко 2004-жылкы “Саргылтым ынкылаптын” лидерлеринин бири. Ал кызматын натуура пайдаланган жана казынага чоң өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып, 2011-жылы жети жылга эркинен ажыратылган. Эми салыкты туура төлөбөгөн жана өкмөттүк мүлктү менчиктеп алган деп соттолгону жатат. Тимошенконун соту Украина - Батыш мамилесин бир кыйла татаалдантып койду. Батыш Тимошенкону ылгап соттоонун курмандыгы болду деп санайт. Андан улам Евробиримдик эркин соода жана Украинаны уюмга ассоциациялык мүчөлүгү боюнча келишимди кийинге жылдырып салган. Шерман айым Тимошенконун сотун “саясый куугунтуктоо” деп мүнөздөп, Украинаны мындай жолойдон качканга үндөдү.

XS
SM
MD
LG