Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Түркияда күрд жикчилеринин лидери ок атууларды токтотууга чакырды


Күрд жикчилеринин лидери Абдулла Ожалан өзү башындагы Күрд жумушчу партиясынын ок атууларды токтотууга жана согушкерлерин Түркиядан чыгарып кетүүгө чакырды. “Куралдын эмес саясаттын кезеги келди”,- деп айтылат Ожаландын кайрылуусунда. Ожаландды Түркиянын коопсуздук агенттери 1999-жылы Кениядан кармап келгенден кийин өмүр бою абакка кесилген.

Эсептөөлөргө караганда, күртд жикчилеринин 1984-жылдан берки согуштук аракеттеринен 40 миңдей адам набыт болгон. Абдулла Ожаландын кайрылуусун өлкөнүн түштүк чыгышындагы Диябекир шаарынын күрд калкы борбордук яантка чогулуп угушту.

XS
SM
MD
LG