Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

ЮНЕСКО кыргыз ала кийизин, шырдагын коргоого алды


Кыргыз шырдагы менен ала кийизин чукул коргоого алуу чечимин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо комитети чыгарган. Аны тастыктаган сертификатты ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков баштаган делегация менен Париж жолугушуусунда тапшырды. Бул тууралуу депутат 21-мартта "Азаттыкка" билдирди.

Депутат сертификаттын ыйгарылышын кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн жеңиши деп баалады. Анткени, ала кийиз, шырдак буюмдарынын жоголуп кетүү куркунучундагы мурастардын катарына киргизилиши аларды сактоо жаатында моралдык жана материалдык колдоо издөөгө, алууга кеңири жол ачат.

Депутат Самаков ошондой эле материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө сунушталып жаткан "Манас" үчилтигинин тагдыры да ушул жылдын аягында, комитеттин Азербайжан жыйынында чечилет деп билдирлди.
Ал эми бул жолку Париж жолугушуусунда кыргызстандык делегация “Манас” эпосунун “Манас” үчилтигинин барк-баасы тууралуу ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Боковага кеңири маалымат берди. (BuS/AA)

XS
SM
MD
LG