Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Хаменейи Израилди “этият бол” деп коркутту


Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи непада Израил тарабынан кол салуу болсо, Иран Тель-Авив менен Хайфа шаарларын талкалайт деп билдирди.
Ал бул тууралуу Мешхедде жасаган телебилдирүүсүндө айтты. Иранда бардык маанилүү суроолорду чечүүдө акыркы сөздү Хаманейи айтат. Израил буга чейин Ирандын ядролук ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча дипломаттык аракеттер максатына жетпесе, Иранга каршы аскерий чара көрүлөт деп коркуткан. Батыш өлкөлөрү Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп шектенет. Бирок Тегеран уранды тынчтык максатында гана байытканын айтып жүрөт. Хаменейи ошондой эле АКШ менен дипломаттык сүйлөшүүнүн ийгилигине көп ишенбесин, бирок “түз сүйлөшкөнгө” каршы эмесин айтты. АКШ Р5+1 алкагындагы сүйлөшүүдөн тышкары да Иран менен түз сүйлөшкөндү сунуш кылган. Р5+1 тобуна АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

XS
SM
MD
LG