Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

“Ак илбирс” сыйлыгына тасмалар кабыл алынууда


Кыргызстандык режиссерлордун арасында жыл сайын тапшырылчу “Ак илбирс” кино сыйлыгына тасмалар тандала баштады. Аталган кино сыйлыкты уюштуруучулардын айтымында, 15-майга чейин бул тасмалар арасынан мыктылары тандалып, 12 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Сыйлыктын жеңүүчүлөрүн тандоо эки тур менен өтөт. “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы быйыл экинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт. Былтыр "Эң мыкты тасма" сыйлыгы Артыкпай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун “ Көч” аттуу даректүү тасмасына тапшырылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG