Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Энергетика министрлигинин жооптуу кызматкерлерине иш козголду


Башкы прокуратура Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-суу-энергетикалык жөнгө салуу департаментинин жооптуу кызматкерлерине каршы кылмыш иш козгоду. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер “Электр станциялары” ишканасынан электр энергиясын сатып алуу үчүн бааны аныктаганда ашыкча чыгымдарды кошуп койгону аныкталган. Мунун айынан “Электр станциялары” 14,5 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Учурда тергеп-иликтөө уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG