Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандар көбөйдү


Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Калиевдин билдиришинче, өлкөдө кургак учук илдетине кабылгандар көбөйүүдө. Мурдагы жылы бул ооруну 5,2 миңден ашык адам жуктуруп алса, былтыр бул сан 500гө көбөйгөн. 2012-жылы бул дарттан 450дөн ашык адам каза тапкан.

Адистердин кабарлашынча, мындай илдетке кабылгандардын саны боюнча Чүй облусу биринчи орунда турат. Андан кийин Бишкек шаары менен Талас облусу эсептелет. Кыргыз түрмөлөрүндө кургак учук кеңири тараган. (EBM)

XS
SM
MD
LG