Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Балыкчыда бир муниципалдык базар курулат


Бул тууралуу "Азаттыкка" Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков билдирди. Базардын курулушуна жалпысынан 10 миллион сом керектелет. Ал үчүн Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан акча бөлүнсө бул жылы базар ишке кирет.

Мэрдин айтымында, шаарда 2 менчик базар бар. Анда иштеген соодагерлер иш жүргүзүүгө тиешелүү шарттын жоктугунан жабыркап келишүүдө. Анткени ал жерде орун жетишсиз болуп, сатуучулар батышпай өз ара араздашуулар чыгып келген. Ишкерлер жаңы базар куруп берүү өтүнүчү менен шаардык бийликке кайрылышкан. Алардын бул талабы бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келди. Быйылкы жылы шаардык мэрия жаңы базардын курулушун баштоо чечимин чыгарышкан. Ага Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каражат бөлүп берүү боюнча фонддун байкоочу кеңешине кайрылышууда. (MK)

XS
SM
MD
LG