Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Аксыда бир адамды урган делген топко байланыштуу иш тергелип бүттү


Аксылык бир топ адам былтыр "мал уурдаган" деген шек менен жергиликтүү Айткул Арстанбеков аттуу жигитти катуу уруп сабашкан. Денесинен оор жаракат алган жигит аны 16 адам токмоктогонун, бирок ага байланыштуу кылмыш ишин тергөө сегиз айга созулуп кеткенин билдирди. Окуяга байланыштуу сегиз адамдын жоопкерлигин кароочу
"Зөөкүрлүк " беренеси боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, райондук прокуратурага жөнөтүлдү. Облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров кылмыш ишинин узакка созулушун 22-мартта жабырлануучунун Бишкекте убактылуу дарыланып жатып калгандыктан беттешүүгө келбегени жана кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталбаганы менен түшүндүрдү.(YA)

XS
SM
MD
LG