Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Кипр депутаттары экономиканы куткаруу планын талкуулашат


Кипрдин депутаттары бүгүн өлкө экономикасын кыйроодон сактап калуу чараларын талкуулаганы жатышат. Бейшембинин түнүндө сунуш кылынган долбоордо банк системасын реструктуризациялоо жана “Инвестициялык тилектештик фондун” түзүү каралган. Кипр өкмөтү 10 миллиард евролук жардам алуу үчүн 5,8 миллиард евро чогултууга тийиш. Дүйшөмбүгө чейин маселе оң чечилбесе, Европанын Борбордук банкы чукул каржылоону токтотуп, Кипрдин банктары кыйроого учурап калышы мүмкүн. Ал тапта Орусиянын финансы министри орусиялык инвесторлор Кипрге жардам берүүгө кызыгышпайт деп билдирди. Буга чейин мыйзамгерлер банк депозиттеринен 10 процентке чейин салык алуу сунушун четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG