Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Атамбаев: Март окуясын эстен чыгарбашыбыз керек


Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылы 24-марттагы окуяга байланыштуу кайрылуу жасады. Анда сегиз жыл мурун кыргызстандыктар өз мекенин жакшы жакка өзгөртүү үчүн, бир үй-бүлөнүн башкаруусун тыюу үчүн жабыла бириккенин белгиледи. Март ыңкылабынын кийин эл жакшылыкка ниет кылып жашаганын, бирок көп өтпөй эле бийлик өлкөнүн, карапайым элдин кызыкчылыгынан өзүнүкүн жогору койгонун айтты. Эгер ошол кездеги өлкө жетекчилери “өз көмөчүнө күл тартпаса”, өлкө байгер жашап, 2010-жылдагы трагедия болмок эместигин айтты.

Мурдагы президент Бакиевди бийликке келери менен кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук алышып кеткен деп сындады. Атамбаев 2005-жылы эл башкарып, бирок эл ишениминен кеткендер эми да бийликке аракет кыларын бийликке келүүгө болгон аракетин жасарын, бирок эл жеңишин бербейт деп билдирди. Демократиялуу, өнүккөн Кыргызстанды куруу, туруктуулукту жана ырашкерликти бекемдеөө негизги милдет экенин белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG