Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Тажикстанда үч ооган, бир тажик окко учту


Тажикстандын түштүгүндөгү окуяда куралданган үч ооган төрт тажикти туткундап, Ооганстанга алып кетүүгө аракеттенгенде жергиликтүү тургундар барымтачыларды атып өлтүрүштү. Күбөлөрдүн айтымында, тажик-ооган чек арасына жакын жердеги Шуробод ооданындагы кол салууда барымтага түшкөн бир тажик да курман болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү бул окуяны бышыктап, бирок кошумча маалымат берүүдөн баш тартты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, куралданган оогандар Тажикстандын аймагына кирип келип, акчага алмашуу максатында тургундарды барымтага алган учурлар мезгил-мезгили менен болуп турат. Алардын сөзү боюнча, тажиктерди оогандар маң заттары боюнча карызы үчүн барымтага алышат. (JCh)

XS
SM
MD
LG