Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Лондондо Ноорузга карата чоң майрамдык иш-чара өтөт


Бүгүн Лондон университеттик коллежинде (UCL) миңден ашуун көрүүчүлөр үчүн чоң майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Лондондо жашаган Бакыт Азимканов "Азаттыкка" билдирди. 21-мартта Лондондогу Гайд парктын жанындагы 1826-жылы курулган атактуу “Лансборо” мейманканасында классикалык жана кыргыздын элдик обондору жаңырды. Лондондогу белгилүү кыргызстандык музыка чебери Чынара Шаршенова-Курмайр мекендештерине чакан музыка кечесин уюштурду. Түгөлбай Казаковдун, Мукан Рыскулбековдун жана башка кыргыз обончулардын чыгармаларын Шаршенова-Курмайр пианинодо ойноп берди. Кыргыз обондору мекендештердин гана эмес, майрамга күбө болгон британиялык, франциялык, италиялык, кытайлыктардын жана жапониялыктардын купулуна толду.

Улуу Британиядагы Ноорузга арналган быйылкы биринчи иш-чара 8-мартта дүйнөдөгү эң белгилүү окуу жайлардын бири Кембриж университетинде белгиленген. Британтиядагы “Кыргыз айымдары” бирикмеси 11-мартта Лондондогу майрамдык сый тамакта кайрымдуулукка 100 миң сомдон ашык чогулткан.

Кыргыз шырдагы Лондондогу “Селвеж” жазгы көргөзмөсүнө коюлду. Нооруздун урматына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Дилшат Кангелдиева 5–6-апрелде концерт өткөрөт.

XS
SM
MD
LG