Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Италия президенти өкмөт курууну солчулдарга тапшырды


Италиянын президенти центристтик солчул партиянын лидери Пьер-Луижи Берсаниге өкмөт курууну тапшырды. "Мындай кыйын абалда Берсанинин позициясы башкаларга караганда жакшыраак", - деди Жоржио Наполитано. Бир ай мурун өткөн парламенттик шайлоодо бир да саясий күч жеңишке жете алган жок. Берсанинин коалициясы парламенттин төмөнкү палатасында мандаттардын көбүн алса, Сенатта көпчүлүккө ээ боло албады. Ал экс-премьер Силвио Берлускони менен альянс түзүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Марага үчүнчү болуп келген актер Беппе Грилло бир да саясий күчтү колдобой турганын билдирген. Саясий туңгуюкка кептелген Италия экономикалык рецессиядан да жабыркап жаткан кез.

XS
SM
MD
LG