Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:05

КТРК Байкоочу кеңеши башкы деректирдин ишин сындады

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши 22-марттагы КТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаев өткөн жыл үчүн отчет берди. Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү башкарууга байланыштуу кемчиликтерди белгиледи. Жашыруун добуш бергенде кеңештин 9 мүчөсү башкы деректирдин отчетун канааттандыралык эмес, калган үчөө канааттандарлык деп баалады.

Мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңеш 30-апрелге чкейин Жогорку Кеңешке КТРКнын иши туурулуу отчет бериши керек. Келерки жыйын 11-апрелге белгиленди. Бул тууралуу бүгүн Байкоочу кеңештен кабарлашты. (EBM)
Куржундар
XS
SM
MD
LG