Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Талас: көксайлыктар үлүш жердин казактарга берилишине каршы


Талас облусундагы Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары 2,6 миң гектар жердин казактарга берилишине каршы болуп жатат. Аймактагы кабарчыбыз Мирбек Айтикеевдин маалымдашынча, анын 700 гектары айдоо аянт, калганы кайрак жер, жайыт болуп саналат. Жергиликтүү элдин айтымында, бул жердин ордуна казактар кайрак, шагыл баскан, таштак жер бергени жатат. Ошондой эле аталаган айыл өкмөтүн жана Казакстандын үч айылынын жерин сугарган “Ахмед” каналы казак тарапка өтүп жатат. Мындан улам көксайлыктар суусуз калуу коркунучунда турат. .

Жергиликтүү бийлик жерлерди алмаштырууга элдин теңи макул экенин айтууда. Учурда комиссия түзүлүп, мындай чечимди кабыл алган жетекчилерди жоопко тартуу, чечимди өзгөртүү тууралуу кайрылуу даярдалып жатат.

Кыргыз өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыктагы” маегинде бул жерлерди алмаштырууну жергиликтүү эл өзү макулдашканын, өкмөттөр аралык комиссия кийлигишпегенин маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG