Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Аба ырайы: шашылыш кабар


Кыргызстанда 23-24-март күндөрү температуранын жогорулашынан жана жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

24-мартта түнкүсүн Ысык-Көл менен Нарындын айрым жерлерде жаан жаайт. Тоолуу аймактарда жол тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Кол ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1... +6, күндүз +15... +20 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0… +5, күндүз +13…+18 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +8, күндүз +15 ...+20 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1... +4, күндүз +11... +16 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -1... +4, күндүз +10... +15 градус болот.

Бишкекте 24-мартта жан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5 градус, күндүз +17…+19 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG