Кырсык бүгүн таңга жуук Пакистандын чыгышындагы Пенжаб провинциясында болду. Жергиликтүү полициянын билдиришинче, ичинде 65 адамы бар автобус Шехупура шаарына чукул жерде жолдон чыгып, ала салып кеткен. Жарадарлардын саны отуздан ашат. Айрым жолоочулардын айтышынча, айдоочунун жол эрежесин карманбай, автобусту ылдам айдаганы аварияга себеп болгон.