Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Барак Обама Иорданияга 200 млн доллар убада кылды


Бул жөнүндө АКШ президенти жума күнү Амманда падыша Абдылла менен өткөргөн маалымат жыйынында билдирди жана Конгресстен каражатты бөлүүнү сурарын кошумчалады. Бул акчаны падышалык жүз миңдеген сириялык качкындар үчүн пайдаланат. Иорданиянын айтышынча, өлкөдө коңшулаш Сириядан качып келген 460 миң бозгун бар. Обама өз сөзүндө президент Башар Асаддан кийин Сирия экстремизмдин очогуна айланат деп чочуганын, Асаддын качан бийликтен кетери убактыка багыныңкы суроо экенин да айтты.

Иордания президент Обаманын Жакынкы Чыгыш сапарындагы акыркы мамлекет. Ал ырасмий сапарынын башында Израилде, андан соң Батыш Иорданда болгон.

XS
SM
MD
LG