Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

"Телтору" ат майданына боз үйлөр тигилүүдө


Жалал-Абад шаарында оппозициянын курултайы өтүүчү ат майданга ушу сааттарга карата он боз үй тигилди, кечке дейре дагы он боз үй тигилет. Облустагы
акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы Медер Үсөновдун азыр
билдиришинче, 24-мартта өтүүчү элдик курултайга бүгүн Нарын, Талас,
Ысык-Көл, Чүй, Ош, Баткен облустарынан өкүлдөр келишти. Бирок жогорку бийлик өкүлдөрүнөн кимдер келээри белгисиз. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөттүн катышуусун чакырган уюштуруу комитетинин кайрылуусуна ал жактардан жооп келе элек.

Курултайдан кийин 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап урматына майрам өткөрүлөт. Майрамдын урматына келген коноктор үчүн үч жылкы союлду. Облустук бийликтин маалымат катчысы Жакшылык Станбеков курултайга катышып, сөз сүйлөөсү үчүн өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматовдун баяндамасы
даярдалганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG