Буга жаңы шайлоо мыйзамы жана Ливандын коопсуздук кызматынын башчысы боюнча чыккан талаш себеп болду. Парламентте үстөмдүк кылган шииттердин Хизбулла фракциясы шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна жана Ашраф Рифинин кызматта калуусуна ынынбай койду. Рифи да Микати сыяктуу сунниттерден. Саясый чатакка коңшу Сириядагы шиитnер менен сунниттер арасындагы эрегиш да салым кошту. Азыр Ливанда 360 миң сириялык качкын бар. Анын кесепетинен ливандык шииттер менен сунниттер ортосундагы тирешүү курчуган. Ливанда парламенттик шайлоо быйыл жайда болууга тийиш.