Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Мектептерде жан башына каржылоо системасы жоюлат


Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөттүн атайын токтому даярдалып жатат. Ага ылайык, быйыл жаңы окуу жылынан тарта мектептер каржылоонун бирдиктүү борборлоштрулуган системасына өтөт.

Мындай система 2007-жылы Чүйдө, Ысык-Ата районундагы айрым мектептерге эксперимент катары киргизүүдөн башталган. Былтыртан тарта Бишкек менен Ош шаар мектептери өтө баштаган.

Системанын башкы максаты каражатты үнөмдөп, натыйжалуу колдонуу менен мугалимдердин айлыгын көтөрүү болгон. Министр Садыков бирок үнөмдөлгөн акча кайра билим берүү системасына түшпөгөндүктөн жана башка кемчиликтерден улам жан башына каржылоо ыкмасынан баш тартып жатышканын маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG