Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

Атамбаев оппозициянын курултайына катышпайт


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка”билдирди. Анын айтымында, президент Бишкекте болот. Мунун алдында Жалал-Абаддагы оппозициянын курултайына Атамбаев да келиши ыктымал деген сөз тарап, айрым маалымат каражаттар жазып жиберген болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев март ыңкылабынын сегиз жылдыгын утурлай жасаган кайрылуусунда "2005-жылы элдин кызыкчылыктарын сатып кеткендер учурда бийликке кайра келүүгө акыркы аракеттерин көрүп жатышат. Бирок Кыргызстандын эли бузукуларга 2005-жылдагыдай дагы бир ирет элдин жеңишин уурдаганга, кайрадан чыккынчылык кылганга жол бербейт. Эл өз жеңишин колдон чыгарбайт", - деп айткан.(EBM)

XS
SM
MD
LG