Москва шаардык өкмөтүнүн колдоосу менен бүгүн Орусиянын борборундагы бир катар чет мамлекеттердин элчиликтери, Башкырстан, Дагстан, Татарстандын өкүлчүлүктөрү тарабынан Нооруз майрамы белгиленип жатат. «Лужники» спорт сарайында өтүп жаткан салтанатта эзелтен Ноорузду жаңы жылдын келиши катары майрамдап келген элдердин тамак-аштары, улуттук буюм-тайымдары көргөзмөгө коюлуп, каада-салттары көрсөтүлүп, ыр-күүлөр ү жаңырат.
Москвадагы «Ала Тоо» коомдук уюмунун төрайымы Жамиля Бегиеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча бүгүнкү салтанатка Орусиядагы кыргыз диаспоралары, коомдук уюмдар жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан даярдык көрүлүп, Бишкектен белгилүү ырчы-чоорчулар чакырылган. Кыргыз диаспоралары кечээ Нооруздун символу болуп калган сүмөлөк бышырышты.
Ноорузга арналган салтанат Москвада бүгүн кечке чейин уланат. Салтанатка Орусияда жашаган 16 улуттун диаспоралары катышууда.(ZKo)